Индиянын баш калаасында кечээ биринин аркасынан бири болгон 3 жардыруудан кеминде 61 киши мерт кетти, 100дөй адам жараат алды. Индиянын премьер-министри терракттарды айыптап, бирок анын артында ким турганын айтуу азыр эрте деди.
Биринчи жардыруу негизинен Батыштан келген туристтер байырлаган Пахарганж деген жерде орун алды. Бир нече мүнөттөн кийин Санжайя Бару соода борборунун сыртында дагы бир бомба жарылды. Ал эми үчүнчү жардыруу автобуста болду.
Делинин бийиликтери кол салуулар атайлап эл көп топтолгон жерлерде болгонун белгилешүүдө. Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх бул террорчул иш-аракеттерди айыптап, ошол эле маалда анын артында ким турганын айтуу азыр эрте деди:
- Жакындарын жоготкондор менен бирге кайгырам. Бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган карасанатайлыкты, өлкөбүздүн элине каршы багытталган кыянат ишти айыптайм.
Бир нече күндөн кийин индустар Дивали деген майрамын, мусулмандар болсо Орозо айтты майрамдашат. Премьер-министрдин айтымында, кол салуулар майрамдын алдында өлкөдөгү кырдаалды курчутуу үчүн жасалды.
Маалымат каражаттары жардырууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды издеп табуу рейди учурунда 150дөн ашуун киши кармалды, деп кабарлашкан эле. Бирок полиция бул маалыматты тастыктаган жок.
Индиянын телевидениеси терракт үчүн жоопкерчиликти кашмирдик “Инкилаби” деген буга чейин аты чыкпаган согушкер тобу өзүнө алды деп билдирди. Коопсуздук маселелери боюнча эксперттер болсо мындай чоң масштабдагы жардырууларды уюштуруу Пакистанда жайгашкан “Лашкар э Таиба” же “Жаиш э Мохамед” аттуу уюмдардын колунан гана келет, деп ырасташат.
Терракттар болгон күнү эртең менен Пакистан менен Индия Кашмирдеги чегараны ачуу боюнча сүйлөшүү башташкан эле. Жекшембиде түшкөн маалыматтарга ылайык, тараптар чегаранын айрым участкаларын ачуу жөнүндө макулдашышты.
Пакистан президенти Первез Мушарраф 8-октябрь күнкү зилзаладан жабыркаган элге жардамды жеткирүүнү тездетип, гуманитардык иштерди жеңилдетиш үчүн катуу кайтарылган чегара тилкесиндеги жолдорду ачууга үндөгөндөн кийин Дели өзүнүн делегациясын Исламабадга жиберген.
Бир катар өлкөлөр, эл аралык уюмдар, анын ичинде Пакистан жана БУУ, Европа Биримдиги Делидеги жардырууларды катуу айыпташууда.