Конституциялык кеңешме отуруму уланды

БИШКЕК. Ишембиде өкмөт үйүндө Конституциялык кеңешменин кезектеги жыйыны болду. Ага президент Курманбек Бакиев да, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев да катышкан жок. Талкууда Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Констиуциялык сотту жойбой сактап калуу өтүнүчү менен сүйлөдү. Анын пикиринде, карапайым элдин конституциялык укугун коргогон өзүнчө сот иштеп турганы оң. Буга чейин Конситуциялык сотту жоюп, аны полномочиелерин Жогорку сотко берүү керек деген ойлор бир нече ирет айтылган. Мындай сунуш менен чыккандардын бири юстиция министри Марат Кайыповдун пикиринде, Конситиуциялык сотко кайрылуунун жол-жобосу татаал жана бул сот жылына 2-3 гана иш карайт.