Ошто жол кире кымбаттады

ОШ. Шаардын ичинде жүргөн кичи автобустар үчүн жол акынын баасын көтөрүү маселеси Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында каралды. Маселени шаардык кеңештин кароосуна койгон депутат Дөөлөт Алымбеков Ош шаарынын ичинде жүрүшкөн каттамдардын айдоочулары күйүүчү майдын кымбаттаганына карабастан жол акынын төмөн болуп жатышына кыжырданып, иш таштоого чыгууга даярданып жатышканын билдирди. Сессиянын жүрүшүндө депутаттардын көпчүлүк добушу менен шаардын ичиндеги каттамдардын жол акысынын баасы 4 сомдон 5 сомго көтөрүлдү. Айдоочулардын кызыкчылыгын коргогон шаардык транспорт агенттигинин өкүлдөрү жол акысын 1 сомго көтөрүү менен маселе чечилген жок деген талапты коюшту. Бирок чыгып сүйлөгөн депутаттардын көпчүлүгү шаардыктардын нааразычылыгын пайда кылбоо үчүн тандалып алынган жол акынын көлөмү адилеттүү эле деген пикирлерин айтып, токтомду бекитишти.