А. Абдырасулова: “Т. Тургуналиев Акаевге кол салуу даярдаган”

БИШКЕК. 28-октябрда Борбордук “Алатоо” аянтында өтөкөн митингде укук коргоочу Азиза Абдырасулова “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевди экс-президент Аскар Акаевге кол салууну уюштурган деп айыптады:

- Жалалабаддын эли мага ачык айткан. Экс-президентке кол салууну Топчубек Тургуналиев уюштурган деп айтышкан. Ошону билген адамдар мага айтып беришкен.

Ал эми Топчубек Тургуналиев Абдырасулованын койгон дооматын негизсиз, жалган ушак катарында бааларын билдирди.

- Бул маселе боюнча ушак айыңдарды ыңкылапка чейин эле таркатышкан. Аны тырмакчанын ичнидеги досторум айтып жүрүшөт. Мен кол салууну уюштурду деп кармалган жигиттерди дегеле көргөн эмесмин. Мен аларды түрмөдөн кана көрдүм. Балким ошолордун бирөөсүн сатып алып, айтылып жаткан чыгар. Буга Жогорку соттон чекит коюлган. Ошондо Азиза Абдырасулова өзү да отурган. Эми бул ушак-айың кеп.