БИШКЕК. 27-октябрда Москвада өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынында премьер-министр Феликс Кулов аймактын коопсуздугун камсыздоодо жана эл аралык терроризм, сеператизм, экстремизм менен күрөшүүдө аталган уюмдун аткарып жаткан иштерин белгилөө менен уюмдун алкагында экономикалык коопсуздук маселеси боюнча кызматты түзүү сунушу менен кайрылган. Ошондой эле Кулов ШКУнун өкмөт башчылары менен болгон отурумда Камбарата ГЭСинин, Кыргызстан-Кытай темир жолунун , Ош-Исфана автожолунун курулушу, Кыргызстандан Ооганстан менен Пакистанга электр зымдарын тартып баруу боюнча долбоор менен тааныштырган. Жыйын соңунда өкмөт башчылары Ишкерлер кеңешин түзүүгө макулдашып, онго чукул маанилүү документтерге кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан 28-октябрда билдиришти.