БИШКЕК. 28-октябрда биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов кытайлык ири ишканалардын өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушту. Анда Үсөнов Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык алака учурдун талабына жооп бербестигин билдирди. Анын айтымынада, Кытайдын орточо шаары жылына 4 млрд. доллар өлчөмүндөгү товарды экспортко чыгарса дагы Кыргызстанга быйыл 600 млн. доллар өлөчөмүндө соода-сатык жүргүзүшкөн. Мурдакы жылы бул көрсөткүч 300 млн. долларды түзгөн. Данияр Үсөнов эмки жылы эки өлкө ортосундагы соода-жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүү пландаштырылып жатканын белгиледи. Ал ошондой эле кытайлык ишкерлерге Торугарт, Эркечтам автожолун жаңыртып оңдоп-түзөөнү, Оштогу жибек комбинатын, Бишкектеги машине куруучу заводду иштетүүнү, банк ачууну, Бишкекте турак үйлөрдү курууну сунуштады.