Нарын шаарында “Хизб-ут Тахрир” диний уюмуна таандык баракчалар табылды

НАРЫН. Нарын шаарынын Ыртыс жана Городок деп аталган аймактарында “Орозо тактими” деген китепчелер жана диний үлгүдөгү баракчалар пайда болгондугу тууралуу маалыматтар укук коргоо органдарына билдирилди. Мусулмандар үстүнөн каапырлардын башчылык кылышына Алла эч качан ыраазы болбойт. Адамдар түзгөн Конституцияны колдоно турган киши каапыр болуп саналат деген сыяктуу жазуулары бар үч тилдеги баракчаларды облустук ички иштер жана улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыктарынын кызматкерлери “Хизб-ут Тахрир” партиясы тарабынан таркатылган, деп ырасмий маалымат беришти атайын уюштурулган тегерек үстөл жыйынында. Коопсуздук кызматкери Жолдош Асылбеков ушуну менен Нарын шаарында мындай баракчалар экинчи жолу түн ичинде таратылып жаткандыгын белгилеп, облус аймагында төрт адамдын бул партияга киргендиги айкындалгандыгын, алардын Нарын шаарында атайын жашыруун кеңселеринин жайгашкан жери такталгандыгын маалымдады.