Кыргызстанды кыйладан бери кабатырга салган саясий тирештин кылоосу кайтып, талаш маселе мыйзамдык негизде чечилерине ынанып нааразылык билдиргендер 27-октябрда тарап кетишти. Марттагы бийлик алмашуусунан бери нааразылык билдирүүлөрдүн токтолбой келатышынын себеби эмнеде? «Азаттыктын» бүгүнкү аңгеме-дүкөнүндө мына ушул талылуу маселе, кысталыш кырдаалдан чыгуунун жолу туурасында кеп болот. Талкууну кабарчыбыз Бекташ Шамшиев уюштурду.