АБАКТАРДАГЫ АБАЛ ТУРУКТАША ЭЛЕК

Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев баштаган төрт адамдын №31-түрмөдө атып өлтүрүлүшү Кыргызстандын түзөтүү жайларындагы акыркы жылдары топтолгон проблемалардын бетин ачты. Ушундай пикирдеги адистер реформалоого олуттуу маани бермейинче, системаны иретке келтирүү мүмкүн эмес, деп санашат.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан аймагында, тергөө жүргүзүүчү 5 изолятор, 11катуу тартиптеги түрмө, 19 түзөтүү колониясы бар. Баш-аягы 15 миң чамалаш адам жаза өтөп жаткан бул түрмөлөрдүн бардыгында №31-түрмөдө 20-октябрда болгон окуядан улам иш таштоолор болуп, кызматкерлер муну өздөрүнүн коопсуздугу менен байланыштырышкан. Бул тууралуу юстиция министри Марат Кайыпов парламентте билдирди:

- Өздөрүн өмүрүбүзгө коркунуч туулуп жатат, курал болушу мүмкүн, андан тышкары акчабыз, айлыгыбыз аз, биздин көйгөйлөрдү ушул убакка чейин чечпей келишкен, ушуну чечип беришсин деген талаптарды коюп жатышат.

Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын кабарына караганда, акыркы күндөрү сүйлөшүүлөргө ылайык, кызматкерлер иш орундарына дээрлик кайтып барышты. Ал эми №31-түрмөдө дарыгерлер баштаган тейлөө кызматкерлери гана иштөөдө. Буга чейин башкы прокурордун милдетин аткаруучу түрмөдө коопсуздук толук камсыздалмайынча, мекеменин ичине кирүүгө кызматкерлерге тыюу салган.

Тиешелүү адистер түрмөлөрдө кырдаалдын курчуп кетишин өкмөттөн колдоонун начар болгондугу менен байланыштырып жатышат. Расмий маалымат боюнча, жаза өтөп жаткандардын ар бирине күнүнө тамакка 17 сом бөлүнөт. Өкмөт болсо жылына бюджеттеги каражаттын үчтөн бир гана бөлүгүн берет. Мындай жагдай кызматкерлердин түрмөдө отургандарга көз каранды болушун шарттоодо дешет адистер. Ал эми башкы прокурордун милдетин аткаруучу Камбараалы Конгантиевдин пикиринде:

- Көптөн бери калыптанган адат азыр да кайталанып атат. Колонияларда тартип бузуучуларга мыйзам чегинде катуу чараларды колдонуунун ордуна жаза өтөө мекеме жетекчилиги жаза өтөп жаткан кылмыш дүйнөсүнүн барктуу адамдары менен ашыкча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Конгантиев ошондой эле түрмөлөрдө коопсуздукка шек келтирүүчү, мыйзамга каршы келүүчү түшүнүксүз көптөгөн жагдайлар бар экендигин белгиледи. Кылмыштуу дүйнөнүн барктуу адамдары үчүн түрмөлөрдө өзгөчө шарттар түзүлгөндүгүн юстиция министри да жокко чыгарбайт. Бирок Марат Кайыповдун оюнда, ички иштер министрлиги менен юстиция министрлигинин ортосунда тыгыз кызматташтык болмоюнча, тармакты тартипке келтирүү мүмкүн эмес:

- Адилет министрлигине түзөтүү колониялары өткөндөн кийин түзөтүү колонияларында болуп жаткан оперативдүү иштер менен ички иштер органдарындагы оперативдүү иштердин байланыштары үзүлгөн. Экинчиден, күчтүү спецназдар, омондор Ички иштер министрлигинин карамагында калышкан да, түрмөлөрдү башкаруу башкармалыгы менен түрмөлөрдүн ортосунда байланыш үзүлгөн.

Кайыповдун билдиргенине караганда, азыр башкармалыктын карамагында атайын багытта иштеген 20 гана кызматкер бар жана ал түрмөлөрдө маал-маалы менен тинтүүлөрдү жүргүзүү өндүү тартипке келтирчү аракеттерди жасоого кудуретсиз. Ошондуктан, министр бул багыттагы ишти аткаруу үчүн атайын жардык, токтом керек деп эсептейт.

Эл аралык нормаларга таянган кыргыз бийлиги жаза өтөө мекемелер башкармалыгын 2002-жылы ички иштер министрлигинен юстиция министрлигинин карамагына өткөргөн. Мекеменин кризиске кабылышын ушул реформа менен байланыштыргандардын бири – Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов. Анын көз карашында түрмө системасын айыпка жыгылгандардан баштап өлүм жазасын алгандарга чейинкилердин милдетин алган өкмөт алдында өзүнчө департамент башкарышы керек:

- Юстиция министрлигине берип койгону өтө чоң ката болбодубу. Мына бүгүн айтып атышат, түрмөдө момундай проблема бар экен деп. Биз Кылмыш-жаза кодексин ишке киргизип атканда, өлкөдө 8 арест үйү курулсун, аялдар түрмөсү курулсун, балдардын колониясы курулсун, баланча түрмө курулсун деп өкмөт менен макулдашып, ошол мыйзам менен кабыл алганбыз. Ошонун бирөө да курулган жок да. Анан бүгүн алаканды шак коюп атабыз.

Камбаралы Конгантиев болсо түрмөлөрдө жагдай азыр кооптуу бойдон калууда, деп эсептейт. Ошондуктан, башкы прокурордун милдетин аткаруучунун оюнда, түрмөлөрдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн парламенттик жана өкмөттүк деңгээлде чечимдер зарыл.