Өкмөт башчы ШКУ жыйынына катышып жатат

БИШКЕК. 26-октябрда Москвада Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги отуруму башталды. Ага Кыргызстандан премьер-министр Феликс Кулов баштаган делегация катышып жатат. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарына караганда, отурумда уюмга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, ШКУнун ишкер кеңешин, өнүгүү фондун түзүү иштеринин жүрүшү өңдүү маселелер талкууланып, биргелешкен коммюнике кабыл алынат. Буга чейин өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны Кытайда, Казакстанда жана Кыргызстанда өткөн.