Бир нече күндөн бери Бишкекте карама-каршы багыттагы митинг өтүүдө. Алардын бир тарабы премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетүүсүн талап кылса, экинчи тарап тескерисинче Бакиев-Кулов тандеми сакталыш керек деген пикирди карманууда.
25-октябрда маркум Тынычбек Акматбаевдин тарапкерлеринин митингинде “Эркиндик” партиясынын лидери, президенттин пикирлеши Топчубек Тургуналиев Феликс Куловду кескин сындоо менен, ал Бакиев-Кулов тандемин түзүүнү таңуулаган жана учурда премьер-министр бийлик талашуу менен гана алек деп билдирди:
- Элдин биримдигин кааласа, андан ал орунга жабышпай, өз ыктыяры менен кызматтан кетип калыш керек. Себеби дегенде ал премьерлик эмес, президенттик бийликти аңдып отурат. Ошондой ыплас жолго түшүп жатат.
Ал эми премьер-министрдин тарапкерлеринин митингинде болсо президентке тандемди сактоо эскертилип, Феликс Куловдун жогорку ролу, саясий салмагы өзгөчө белгиленүүдө.
Байкалып тургандай Тынычбек Акматбаевдин каза болушу менен, мурда ымалага келген саясий күчтөр ортосунда кармаштын ачыкка чыгуу, күрөштүн эми бийликтин ичине жайылуу коркунучу пайда боло баштады. Белгилүү саясатчы, “Элет” партиясынын лидери Накен Касиевдин пикиринде, азырынча андай нерсе байкала элек:
- Менимче, коркунуч жок. Эгерде мыйзамдуулукту сактап, өз ойлорун билдирсе андай чатакка барбаш керек. Бирок бул көпкө созулбаш керек. Оюн билдиргенден кийин тарап кетсе, элге тынчтык болот эле.
Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов тескерисинче көчөдөгү тирешүү жогорку бийлик тепкичтерине жетиши ыктымалдыгы реалдуу дейт:
- Сөзсүз коркунуч бар. Тандем азыр бүгүнкү күндө тобокел болуп калды. Эгерде акыл калчап, акыл жыйып , ушундан жыйынтык чыгарып, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” биргелешип оокат кылайлы деген жыйынтыкка келбесек, анда тандем эле эмес таптакыр “талпагыбыз ташка жайылганы” атпайбы. Ошон үчүн эске келиш керек болуп жатат. Булар президенттин, премьер-министрдин тегерегинде чуркап жүргөн мыкчыгерлердин ишинен болуп жатат. Ошолорду теске сала турган саясий күч болобу, болбойбу? Маселе ушул жакта болуп жатат.
Тандемдин ээлери президент менен премьер-министр азырынча өз ара ачык кине коюуга бара элек. Премьер-министр Феликс Кулов ишин уланта берүү президент тарабынан сунушталганын билдирген. Президент Курманбек Бакиев болсо 25-октябрда кечинде болгон кеңейтилген кеңешмеде «Популисттик саясатты токтотууга чакырып, баары биздин өзүбүздө, биздин аракетибизге жана өзүбүздү алып жүрүүбүзгө байланыштуу» деп, кыйыр түрдө премьер-министр Феликс Куловду сындады.
Ошентип, президент менен премьер-министрдин тарапкерлеринин кайым айтышы, ачык каршылашууну пайда кылып, ал өз кезегинде регионалдык тирешүүнү жаратышы мүмкүн деген божомолду пайда кылууда.