Саясий кырдаал президент Бакиевдин көзөмөлүндө

БИШКЕК. 24-октябрда президент Курманбек Бакиев премьер-министр Феликс Куловдун, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун жана күч структуралардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, №31-түрмөдөгү үч кишинин өлүмүнө байланышкан маселени талкуулады. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Камбараалы Конгантиев бул факт боюнча тергөө иши жүрүп жаткандыгын билдирди. Ал эми Жогорку Кеңештин маңдайында өтүп жаткан митингди жана ал жердеги талаптарды, эгер, ал алдын ала уруксат суралса, Конституцияга каршы келбей тургандыгын билдирди. Конгантиевдин айтымында, чатырлар менен боз үйлөрдүн тигилишинин мыйзамдуулук жагын жергиликтүү бийлик териштириш керек. Мамлекет башчы жетекчилерден тартипти талап кылды. Ушул эле күнү кечинде Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов маалымат жыйынын уюштуруп, президент Курманбек Бакиев өлкөдөгү саясий кырдаалды өзү көзөмөлгө алып жатканын кабарлады.