БИШКЕК. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев депутат Тынычбек Акматбаевдин агасы Рысбек менен парламент алдында жолугушуп, маркумга арнап куран окутту. Текебаев бул жолугушууда маркумга байланышкан ишти териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлөрүн кабарлады. Ошондой эле ал нааразы тараптын он кишиден турган демилгелүү тобун кабыл алуу, парламенттик талкууну түз көрсөтүү үчүн телевизор коюп берүү тууралуу талаптарын кабыл алды. Өмүрбек Текебаев ошондой эле кырсык болгон күндөрү Тынычбек Акматбаевге Чехия мамлекетине баруу тапшырылганын билдирди:
- Ал Прагага кетиш керек эле. Ал жерде терроризмге каршы күрөшкө (жыйынга) мен үч депутатты жибергем. Өзүмдүн атымдан чай ичип койгула деп 150 доллар чөнтөк чыгымын да бергем. Алдыбы-албадыбы, эмне үчүн алган жок, эмне үчүн барган жок, мен текшерем.
Буга чейин депутаттын туугандары түрмө кыдырууга төрага мажбурлаганы тууралуу маалымдашкан. Белгилеп койчу жагы, төрага Өмүрбек Текебаев дүйшөмбүдө Европа Биримдигинин Венеция комиссиясынын сессиясынан кайтып келди.