ЯН КУБИШ КЫРГЫЗСТАНДА

24-октябрда өкмөт үйүндө премьер-министр Феликс Кулов Европа Кеңешинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Ян Кубишти кабыл алды. Анда Кыргызстандагы абал жана саясий-экономикалык реформалардын андан ары жүрүшү жөнүндө сөз болду.
Өкмөт үйүндөгү жолугушууга кыргыз тараптан премьер-министр Феликс Кулов, тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов катышты. Алгач сөз алган Феликс Кулов өлкөдөгү абал туралуу кабар берип, өкмөт келерки жылга бюджетти түзүү, экономиканы көтөрүү жана коррупцияны кыскартуу багытында иштерди алып барып жатканын баяндады. Европа Биримдиги менен Кыргызстан кызматташуусу боюнча жаңы долбоор түзүү сунуштап, ал кызматташуу Борбор Азия өлкөлөрүнө үлгү болуш керек деген пикирин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу премьер-министр буларга токтолду:

- Жакын адамын жоготкон адамдардын кайгысын, ызасын түшүнүүгө болот. Ошол эле кезде бул митингилер коомдо кооптонууларды пайда кылбашы үчүн да аракет кылып жатабыз. Абакта агасы менен касташкан адам отурганына байланыштуу Тынычбек Акматбаевди абакка кирбөөсү эскертилгенине карабай, анын эмне үчүн ал жерге барганы түшүнүксүз болуп турат. Ошондуктан Акматбаев менен колониядагы кылмыш топторунун өз ара териштирүүсүнө байланышту өкмөттү күнөөлөө, бул саясий оюнга көбүрөөк жакын болуп турат.

Бул окуяга карата президенттин позициясы тууралуу Феликс Кулов буларды айтты:

- Президенттин позициясы чечкиндүү. Аны менен бул темада сүйлөштүк. Президент мыйзамдуу шайланган президентке, өкмөткө кимдир-бирөөлөрдүн шарт коюп, кысым кылуусуна жол бербесин, өкмөттүн өз милдетин аткара берүүсүн табыштады. Менин оюмча, мындай шартта эл аралык коомчулук да өз баасын бергени туура болот.

Премьер-министрдин айтымында, анын тарапкерлери да митинг өткөрүүгө ниеттенүүдө. Бирок ал каршы митинг өткөрүүнү жактабасын, андан кандайдыр бир тирешүү келип чыгаарын билдирди.

Ал эми Ян Кубиш кыргыз өкмөтү саясий реформа менен катар экономикалык реформаларды жүргүзүүсү зарылдыгын белгиледи:

- Кыргызстанга жардамды дагы көбөйтүүгө болот. Ал үчүн реформаларды жүргүзүү керек. Европа Биримдиги энергетика тармагын реформалоону маанилүү деп эсептейт. Биз Дүйнөлүк банк тарабынан бул тармакты реформалоо боюнча сунушталган долбоорду карап көрүүнү сунуштайбыз. Андан сырткары инвестициялык кырдаалды жакшыртуу зарыл маселелерден.

Европа Биримдигинин атайын өкүлүнүн сөзүнө караганда, анын Кыргызстанга сапары учурда Бишкекте түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эмес. Ал жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин Кыргызстанга келүүнү мурда эле пландаштырган.

Премьер-министр менен жолугушуудан кийин Ян Кубишти президент Курманбек Бакиев кабыл алды. Ал жолугушуу негизинен жабык мүнөздө болду.