Кошмо Штаттардын түштүгүн кайрадан бороон чапкыт басат

“Вилма” бороон-чапкыты АКШнын түштүгүндөгү Флорида штаттын көздөй ылдам жылып баратат. Апааттан сактануу үчүн Флоридадан 160 миңдей адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Катуу жаан коштогон шамал Мексиканын Кариб деңизи боюндагы курорт жайларын тоз-тополоңго салып өттү. Андан Мексикада бери дегенде 3 киши курман болуп, миңдеген адамдар там-жайсыз калышты. “Вилма” ураганыдан Гаитиде жана Ямайкада 13 киши набыт болгон.

Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады