ПАКИСТАНДАГЫ ЗИЛЗАЛАДАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕР КОШУМЧА ЖАРДАМГА МУКТАЖ

Нарын АЙЫП, Прага 8-октябрда Пакистандын түндүгүндө болгон жер титирөөдөн кийин өлкөнүн тоолуу райондорунда жашаган 120 миңге жакын адам башка аймактардан бөлүнүп калган деген кабарлар бар жана кыш түшүп келаткан учурда алардын абалы улам оорлоп баратат. Ошондуктан эл аралык уюмдар менен мамлекеттердин жардам көрсөтүү аракеттерин күчөтүү керек деген пикирлер көп айтылууда.
Жума күнү Пакистанга дүйнө мамлекеттеринин жетекчилеринен биринчи болуп Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган келди. Ал Түркия зилзаладан жабыр тарткан Пакистанга жардам көрсөтөөрүн билдирди:

- Биз өз аракеттерибизди токтотпош керекпиз, күтүүсүз бериле турган жардамды көрсөтүп, андан соң биз узак максатты көздөгөн милдеттенмелерибизди да аткарууга тийишпиз, үйлөрдү куруудан тартып, жолдорду калыбына келтирүү иштерине чейин, баарын оңдош керек.

Жакында Ооганстанга келип кеткен НАТО уюмунун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер жума күнү билдиргенге караганда болсо, кырсык болгон аймакка гуманитардык жардам жеткирүү үчүн уюм бир миңге жакын аскер бөлүп берет:

- НАТОнун тарыхында мындай аракет алгачкы жолу көрүлүп жатат, мен өз адамдарым менен сүйлөшөм, Бириккен Улуттардын Качкындар боюнча башкармалыгы жана НАТО уюмуна кирген мамлекеттер тарабынан бөлүнгөн бир миң тоннага жакын жардамды алар ааймакка жеткирүүгө жардамдашат.

Анын алдында, 19-октябрда Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан дүйнө коомчулугуна кайрылып, эки апта мурда Пакистанда болгон жер титирөөдөн жапа чеккендердин абалы өтө начар экенин билдирип, жардамдын көлөмүн көбөйтүп, аны жеткириш үчүн кошумча аракет көрүүгө чакырган:

- Биз шашылыш чара көрбөсөк, жаңы өлүмдөр болушу мүмкүн, биз аны болтурбаш керекпиз жана ыкчам кыймылдасак, күчүбүз ага жетет. Пакистандын эли жана өкмөтү азыр өзгөчө коркунучка дуушар болууда жана биз өзгөчө аракет көрүүгө тийишпиз.

Сауд Арабия жакында Пакистанга 130 миллион доллар жардам бөлө турганын билдирди, Түркия болсо 150 миллион доллар жардам көрсөтөт. Зилзаладан курман болгондордун саны болсо 51 миңге жетти.