Рафик Хариринин өлүмүнө ким күнөөлүү?

Улуттар уюмунун тергөөчүлөр тобу Ливандын экс-премьери Рафик Хариринин өлүмүнө Сирия жана Ливандык чалгынчылардын бирдей катыштыгы бар деген далилдерди тапты. 14-февралда Бейруттагы бомба жардыруусунан экс-премьер Харири жана дагы 20 киши набыт кеткен. Германиялык прокурор Детлев Мехлис жетектеген топ экс-премьер Хариринин телефон аркылуу сүйлөшүүүлөрү Ливан менен Сириянын коопсуздук кызматтарынын көзөмөлүндө болгонун аныктап, Харири саясий куугунтуктун курмандыгы болгондугу туурасында докладын кечээ Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннанга тапшырды.