Азербайжандын оппозиция лидери Расул Гулиев Украинада камакка алынды

Гулиев 10 жыл бозгунчулукта жүргөн соң мекенине кайтып баратып, жолдо камакка алынды. Гулиев Лондондон Симферополго учуп бараар замат кармалды. Украинанын ички иштер министри Юрий Лиценко азербайжан саясатчысы Интерполдун буйругу боюнча кармалганын билдирди. Азербайжан парламентинин мурдагы төрагасы, Демократиялык партия лидери Гулиев 1996-жылдан бери АКШда жашап келаткан, ырасмий Баку ага мамлекеттик казынага кол салган деген кине таккан.