Азербайжандын экс-спикери парламенттик шайлоого катыша алабы?

Оппозициядагы Азербайжан демократтык партиясынын башчысы Расул Кулиев 6-ноябрда болчу президенттик шайлоого катышуу үчүн бүгүн Бакуга кайтып келет деп күтүлүүдө. Анын алдында бийликтер журналисттерди жана дипломаттарды Баку аба майданына барбоого чакырды. Парламенттин мурдакы төрагасы Кулиев 1996-жылдан бери АКШда жашайт. Аны бийликтер мамлекеттик мүлктү ыйгарып алды деп айыптап, өлкөгө келер замат камакка алынарын эскерткен. Экс-спикер айыптоонун артында саясый жүйө бар деп, өзүн акмын дейт.