Нарын АЙЫП, Прага Азербайжанда 6-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо алдындагы абал улам курчуп баратат. Талапкерлердин бири катары катталган Расул Гулиев акыркы тогуз жылда сүргүндө АКШда жашады жана 17-октябрда Лондондон Азербайжанга кайтып келатканда Симферопол шаарында кармалды.
Расул Гулиев мурда Азербайжан парламентинин спикери болуп иштеген жана 1996-жылы АКШга качууга аргасыз болгон, анткени ага каршы кылмыш иши ачылган. Спикерлик кызматка чейин ал мунай иштетүүчү ишкананы башкарган жана ал учурда 10 миллион доллар каражатты ысыраптоо иштерине катышкан деп күнөөлөнгөн. Ал кезде аны менен кошо иштеген жана кошо күнөөлөнгөн Тамерлан Гасанов деген адам азыр Ломоносов атындагы Маскөө университетинде илимий изилдөө борборун жетектейт жана азери бийлигинин талабы менен ал 10-октябрда Маскөөдө камакка алынган, бирок Башкы прокуратуранын буйругу менен эки күндөн кийин бошотулду.
Гулиевке каршы кылмыш иши ачылганы менен, Демократиялык партия аны парламентке талапкер кылып көрсөткөн, бирок башкы прокурор Закир Гералов менен ички иштер министри Рамиль Усубов алдын ала маалымат таратып, Гулиев Азербайжанга кайтып келе турган болсо, дароо камакка алынат деп билдирген. Гулиевдин жактоочулары болсо аэропортко чогулуп, аны коргоп калууга ниеттенген, бирок 17-октябрда эртең менен аэропорттун алдында жыйырма бешке жакын адам кармалды, алардын арасында мурдагы каржы министри Фикрет Юсифов жана Интерполдун Азербайжандагы мурдагы өкүлү Натик Эфендиев да бар.
Лондон шаарынан учуп чыгаардын алдында Гулиев эч нерседен коркпогонун билдирген:
- Мен эч нерседен коркпойм, анткени менин артымда эл турат. Өкмөттүн аракеттери мыйзамсыз, ошондуктан мен коркпойм. Негизги максат - Азербайжандагы шайлоону демократиялык ыкма менен өткөрүп, демократия салтын баштоо.
Маскөөлүк маалымат каражаттары тараткан маалыматка караганда болсо, Гулиев менен бирге Лондондон бир топ америкалык жана европалык саясатчы да бир учак менен кошо учуп чыккан жана алардын көзүнчө Гулиев камакка алынбаш керек болчу. Анткен менен Гулиевдин учагына Бакы аэропортуна конууга уруксат берилген жок жана ал артка кайрылып, Украинанын Симферопол шаарына аргасыздан конгондо, саясатчы дароо камакка алынды, анткени аны кармоо буйругу Интерпол аркылуу таратылган.