Ирандын тышкы иштер министрлиги Тегеран эч кандай шарты жок эле Европа өлкөлөрү менен ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирди. Министрликтин өкүлү Хамид-Реза Асефи бирок Иран уранды байытуу иштерин токтотпойт, деп эскертти. Британия, Германия, Франция жана Иран ортосундагы сүйлөшүүлөр авсгуста Иран уранды байытууну кайра уланткандан бери токтоп турат.