БИШКЕК. Октябрдын онунан он бешине дейре Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча жумушчу топтун кезектеги сүйлөшүүсү өттү. Сүйлөшүүдөгү кыргыз тобунун жетекчиси Саламат Аламановдун 15-октябрда “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бул сүйлөшүүдө тараптар эки ортодогу талаштуу делген жерлер боюнча укуктук негиздеги, изилденген документтерди бири-бирине көрсөтүшүп, ар бир тарап өз далилдерин айтышты. Ошондой эле тараптар мындай документтерди алмашып, кийинки жолугушууга дейре бул маселени ар кимиси өз алдынча иликтемей болушту. Аламановдун маалыматына караганда, кыргыз-өзбек чек арасында эки ортодо талаш туудурган жана тараптар бир пикирге келе албай жаткан 50 чакты жер бар. Ал эми буга дейре эки мамлекеттин чек арасынын миң чакырымдан ашыгыраагы делимитацияланган. Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 1295 чакырым.