Баш прокурордун мидетин аткаруучу кызматынан кетүүгө ниеттенүүдө

БИШКЕК. Баш прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиев ээлеген кызматынан бошотууну өтүнүп, президент Курманбек Бакиевге кайрылды. Бул тууралуу 14-октябрда президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, өлкө башчысы баш прокурордун милдетин аткаруучунун сунушун кабыл алды жана жакынкы күндөрү буга байланыштуу жардыкка кол койот. Турсунбек Акун билдиргендей, Табалдиев Аксы элинин атынан Бишкекке келген өкүлдөр менен болгон жолугушуусунда ээлеген кызматынан кете тургандыгы жөнүндө айткан:

- Ошол жолугушууга мен да катышканмын. Б. Табалдиев ээлеген кызматынан жигитче кете тургандыгын аксылык туугандарга айтты. Ал сөзүндө туруп, президентке кайрылыптыр. Мен ойлойм, ал муну менен жигитчилик кадам жасады жана кызматка байланбагандыгын көрсөттү. Айрымдар муну корккондук катары баалап жатышат. Бирок мындай пикирлер негизсиз.