1916-жылдагы үркүндө курман болгондор эскерилди

БИШКЕК. 14-октябрда Бишкек шаарынын Байтик баатыр көчөсүнүн «Түштүк дарбаза» аталган жеринде 1916-жылдагы үркүндө курман болгондорду эскерүү күнү белгиленди. «Улуу Биримдик» партиясынын демилгеси менен өткөрүлгөн бул расимге президенттин администрациясынын, өкмөт аппаратынын, саясий партиялардын өкүлдөрү, Бишкектин тургундары катышты. Митингде 1916-жылдагы окуяга объективдүү, тарыхый баа берилишинин, андагы элдик баатырлардын ысымдарынын аталышынын зарылдыгы тууралуу айтылып, үркүндө мерт болгондорго багышталган куран окулду. Айрым маалыматтарга караганда, 1916-жылкы үркүндө 150 миңден ашуун кыргыз падышалык Орусиянын аскерлери тарабынан кырылган, бир бөлүгү Кытайга качууга мажбур болгон. Эскерүү жыйынында айтылгандай, кийинки жылы Бишкекте үркүндүн 90-жылдыгы белгиленет жана аны өткөрүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүлөт.