КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КЫМБАТТООДО

Дүйнөлүк серепчилердин пикиринде, мунайзаттын баасынын көтөрүлүшү жер шарынын түндүк өлкөлөрүндө сууктун башталышы, Атлантика океанынын аймагында болгон бороон-чапкындардын кесепети, ошондой эле дүйнөлүк мунайзат өндүрүүнүн темпинин төмөндөшү менен болуп жатат. Акыркы айларда Кыргызстанда да күйүүчү майдын баасы кыйла өстү. Жагдайдын кесепети өлкөбүздүн алыскы аймактарында өтө орчундуу маселени туудуруда. Маселен, алыскы баткен облусунда бензиндин бир литри отуз сомду чапчып, караламан калкты бир топ түйшуккө салып койду.
Учурда Баткен облусунун бардык аймактарында бензиндин баасы кескин өсүп, А 80 үлгүсүндөгү бензиндин литри 25-29 сомду түздү. Күйүүчү майдын баасынын өсүшү айрыкча Баткен жана Лейлек райондорунун айдоочулары менен жүргүнчүлөрүнүн арасында нараазычылыктарды күчөтүүдө. Маселен 1000 чакырымдык Баткен-Бишкек каттамындагы автоунаалар бир жүргүнчүдөн 1300 сом жол акы алса, 250 чакырымдык Баткен -Ош каттамындагы автонунаалардын бир кишилик жолкиреси 450 сомго чейин көтөрүлдү.

Баткендик айдоочу Ашим Султанов өз сөзүндө бензиндин сапаты өтө начарлаганын айтып төмөнкүлөргө токтолду:

- Мен жүргүнчүлөрдү Ош, Бишкек шаарларына ташыйм. Бензин болсо кымбаттап кетти. Ал эми бензиндин сапаты начар, ак-көк түстөгү бензиндер, салярканы кошуп салган машинелерибиз бузулуп жатат. Ал эми наркты көтөрсөк жүргүнчүлөр чыкпай койушууда.

Баткенге бензинди эки жерден ташып келишет. Биринчиси, Өзбекстандын Фергана облусунан жана экинчиси, Казакстандан Ошко, ал жерден Баткенге ташылат. Бүгүнкү күндө алып сатарлар кошуналаш Фергана облусунан литрин 21 сомдон алышат. Андан сырткары бажыга, салыкка, экологияга жана анча мынча тоскон кишилерге берип отуруп, акыркы баасы 30 сомго көтөрүлүп кетти.

Көп жылдан бери бензин сатуу менен шугулданган Эшимбет Тургунов баанын көтөрүлгөнү сатып алуучуга да, сатуучуга да кыйынчылык туудуруп жатканын айтты:

- А-80 менен 76 үлгүсүндөгү майдын айырмасы жок болуп калды. Эч ким аны аныктай албай калды. Биз аларды көрүнүшүнөн, же болбосо түсүнөн эле ажыратып иштейбиз. Эгер ак болсо А80, сары болсо 76, көгү 72 болот.

Баанын өсүшү менен күйүүчү майдын сапаты кыйла төмөндөдү. Бул боюнча бензин сатуучу Эшимбет Тургунов буларды кошумчалады:

- Бензинге газолин кошуп деле алып келишет, алар литр же тоннасын толукташ үчүн кошушат, бир эле мага алып келбейт да, биз баарыбыз болуп алабыз, жакшы болсо жакшы чыгат, эгер начар чыкса анда начар чыгат. Иши зарыл адам сапаты начарбы, начaр эмеспи куюп кете берет, алган алып кете берет, албаган калып кете берет.

Облустун чет жакасындагы айылдарда абал андан да оор. Ал эми кечкисин бензиндин баасы ой келди коюлат. Монополияга каршы мамлекеттик департаментинин облустук башкармалыгынын башчысынын орунбасары Арзыкул Дыйканов жеке ишкерлерге эч ким көзөмөл кыла албайт дейт:

- Базар баасын эч ким көзөмөлгө ала албайт, себеби мамлекеттик ишкана алып келгенде анда көзомөлдөй алат элек. Бизде анализдер бар. Жылда ушул айларда баалар көтөрүлүп, кайра түшүп турат. Муну рынок дейт.