АКШ Мамлекеттик катчысы Кыргызстанда

БИШКЕК. 11-октябрда АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аны «Манас» аба майданынан Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов тосуп алды. Кондолиза Райс иш сапарын “Манас” аба майданындагы террорчулукка каршы күчтөрдүн Ганси аба базасы менен таанышуудан баштады. Андан соң демократияга, Конституциялык жана экономикалык реформаларга арналган иш чараларга байланыштуу опера-балет театрында өткөн жыйынга катышты. Кондолиза Райс коомчулук өкүлдөрү катышкан бул жыйында сөз сүйлөп, АКШ Кыргызстандагы март окуяларына кылдат байкоо жүргүзүп тургандыгын белгиледи:

- Биз Кыргызстандагы түстүү ыңкылапты жана мамлекеттин тагдырын оз колуна алып, демократиялык реформаларга мүмкүндүк берген кыргыз коомчулугунун аракетине кызыгуу менен кылдат байкоо салып турдук.

Мамлекеттик катчы мындан сырткары АКШ өлкөдө демократиялык реформалардын ийгиликтүү ишке ашырылаарына ишенээрин билдирип, Конституциялык кеңешменин өкүлдөрүнөн Баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү ишин 2005-жылдын аягына чейин аяктоону өтүндү. Кондолиза Райс Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү – башкы маселелердин бири экендигин да белгилеп өттү. Ал ошондой эле Кыргызстандагы демократиялык жараяндарга жогору баа берип, мындан ары да АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер өнүгөөрүнө ишеним билдирди.