Бүгүн эртең менен Казакстан аймагына - эл аралык космос станциясынан үч комонавт келип конду. Алардын бири - америкалык окумуштуу Грегори Олсен 20 миллион доллар төлөп, тарыхтагы үчүнчү турист-космонавт болгон жана космосто 10 күн өткөрдү. Калган экөө - орус космонавты Сергей Крикалев менен америкалык астронавт Жон Филипс космосто алты ай иштеди. Кытай болсо 19-октябрда космоско өзүнүн экинчи космонавтын учурууга даярданууда. Анын аты Фей Цзюнлоң.
Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады
Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады