АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс Кыргызстанга сапарынын учурунда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен көзмө-көз жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун соңунда журналисттер үчүн маалымат жыйыны уюштурулду.
Маалымат жыйынында Курманбек Бакиевдин билдиргенине караганда, жолугушууда экономикалык, саясий жана аскерий-техникалык кызматташтык жаатында кеңири талкуу болуп, бардык маселелер боюнча тараптар дээрлик бир пикирге келишти. Кондализа Райс бул пикирге кошулуу менен, төмөнкүдөй билдирүү жасады:
- Биз терроризмге каршы күрөштөгү алгылыктуу кызматташтыгыбыз тууралуу сүйлөштүк. Биздин коалициялык күчтөрдү «Манас» аба майданына жайгаштырууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн Кыргызстанды жогору баалайбыз. Бул БУУнун мандаты боюнча Ооганстанды стабилдештирүүгө салым болуп саналат. Мындан ары да коопсуздук жаатындагы байланышыбыз уланарынан биз үмүт кылабыз. Ошондой эле, биз экономикалык, саясий реформа жасап жаткан Кыргызстандын кошуналар менен жакшы мамиледе болушун каалайбыз.
Курманбек Бакиев өз кезегинде Кыргызстан кызматташууда бир мамлекеттен экинчи мамлекетти айырмалап карабай, бардык өнөктөштөр менен бирдей кызматташарын билдирди:
- Кыргызстан бардык мамлекеттер менен, ириде кошуна Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай мамлекеттери менен, биздин стратегиялык өнөктөшүбүз Орусия менен бир кылка кызматташуу үчүн бардык аракеттерди жасайбыз. Ошол эле учурда эгемендүүлүк жылдарынан бери Америка Кошмо Штаттары менен түзүлгөн экономикалык жана өнөктөштүк мамилебиз өнүгүшү керек.
Бакиевдин пикиринде, Кыргызстандын АКШнын кызыкчылыгы үчүн Орусияга же Орусиянын кызыкчылыгы үчүн АКШга артыкчылык берүү ою жок.
Журналисттерди АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн Ганси авиабазасына байланышкан маселе көбүрөөк кызыктырды. Кыргызстандын президенти бул суроого берген жообунда базанын Кыргызстандан кетиши Ооганстанда кырдаалдын турукташышынан көз каранды экендигин билдирди. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын президенти буга чейин бир нече ирет билдирген болчу. Кыргызстандагы Ганси авиабазасы кеңейтилиш ыктымалдыгы барбы деген суроо АКШ мамлекеттик катчысы тарабынан жоопсуз калды. Ал эми Кыргызстандын президентинин билдиришинче, Бириккен Улуттар уюму мандатын токтоткондон кийинки шартта авиабазанын жагдайы эки өлкөнүн макулдашуусунун чегинде чечилет:
- Бул маселе АКШ өкмөтү менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда чечилет. Акыркы чекит эки өлкөнүн чечими боюнча коюлат.
Маалымат жыйынында белгиленгенге караганда, АКШ Кыргызстан демократиялык жактан күчтүү, өнүккөн өлкө болушун каалайт, ошондуктан, саясий жана экономикалык реформага колдоо көрсөтүүнү уланта берет. Кондализа Райстын айтымында, бул ириде чакан, орто бизнести, айыл чарбасын өнүктүрүү жаатындагы жардамдар болуп саналат. Бирок коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жаатында Кыргызстандын алдында дагы көп иштер турат, деп белгиледи мамлекеттик катчы.