Кышка даярдык жакшы эмес

БИШКЕК. Өкмөт башчы Феликс Кулов “Көмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысы Пайзулла Рахмановдон кызматтан алуу маселесин койду. Премьер-министрдин мындай чечимине быйылкы кышка даярдыктын начардыгы түрткү болгон. Мисалы, Каракече кенинен Бишкек ТЭЦине жылыга 120 миң тонна көмүр алынып келинсе, быйыл 1200 тонна келген. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргенге караганда, Пайзулла Рахмановдун бул кызматка билими жана иш тажрыйбасы да туура келбейт.