3 оппозициялык партияны бириктирген шайлоо блогу тыюуга карабай борбордун алты паркында демонстрация уюштурууну көздөгөн. Полиция ошол жерлерге агылган элдин жолун тороп, артка сүрүп салды. Оппозиционерлердин бири Халиг Бахадур тартип коргоочулар аны сабашканын билдирди. Азербайжан бийлиги оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштургусу келет деп айыптоодо.