Чек арачылардын күнү 28-майда белгиленет

БИШКЕК. Кыргызстанда чек арачылардын күнү мындан ары 28-майда белгиленет. Буга байланыштуу өкмөттүн атайын токтомуна премьер-министр Феликс Кулов 7-октябрда кол койду. Буга чейин Кыргызстанда чек ара кызматкерлеринин күнү 29-октябрда белгиленип келген. Кыргызстандын чек ара кызматы өз алдынча мамлекеттик структура катары 2002-жылдын 29-октябрында түзүлгөн. Ал эми үстүбүздөгү жылдын башында өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын курамына өткөрүлгөн.