БУШ ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ ЖЕҢИШКЕ ЧЕЙИН КҮРӨШҮҮГӨ СӨЗ БЕРДИ

Баян Жумакадыр кызы, Прага 6-октябрда АКШнын президенти Жорж Буш Улуттук Демократия Корунда сөз сүйлөп, өз администрациясынын терроризмге каршы күрөшүү стратегиясын ортого салды. Буш рfдикал исламчылар бири-биринин кызыкчылыктарына шайкеш келген ачык жана даана идеолгияга ээ экенин белгилеп, эксремисттер туткан көз карашты "шайтан жылоологон мандемдүү исламофашизм" деп атады. Президент Буш АКШ терроризмге каршы күрөштү жеңишке жетмейинче токтотпой турганын билдирди.
Исламдык экстремисттер эркиндик үчүн күрөшүп жатканын айтышат, бирок иш жүзүндө алардын максаты киши өлтүрүүлөр, коркутуп-үркүтүүлөрдүн жардамы менен өзүлөрүнүн каалоосун башкаларга таңуулоо, деди Буш Улуттук Демократия Корунда 6-октябрда сүйлөгөн сөзүндө.

Буштун айтымында, экстремисттер өз өлкөлөрүндөгү абалга нааразы, бирок анын күнөөсү менен жоопкерчилигин Батышка, АКШга жана Израилге оодара салып жатышат:

- Радикал исламчылардын таасири ага жан тарткандар менен ага мойун сунуп, унчукпай калгандардын арты менен көбөйүүдө. Радикал исламчылар авторитардык режимдердин канатына баш бааналап, Америкага жана заманбап мусулман өкмөттөрү башкарган өлкөлөргө зыян келтирүүнү самаган Сирия жана Иран сыяктуу өнөктөр жардам берип жатышат. Исламчыл экстремисттер өзүлөрүнүн жөндөмсүздүгүн батышка арта салуу үчүн террордук пропаганданы колдонуп жатышат.

Терроризмге каршы күрөшүн Буш 11-сентябрда Америкага жасалган террордук кол салуудан кийин баштап, адегенде эле дүйнөнүн эң ири террордук уюму эсептелген «ал-Кайыдага» баш баана берген Ооганстандын Талибан режимине чабуул койгон.

Американын президенти Ирактагы согуш өлкөдө баш бааналаган мусулман экстремисттерине каршы жүргүзүлүп жатканын жана Америка үчүн терроризмди Американын өзүндө эмес, дал ошол террорчулардын уюгунда жок кылуу керек экенин көптөн бери айтып келатат. Бейшемби күнкү сөзүндө Буш бул көз карашын дагы бир жолу кайталап, мындайча тактады:

- Террористтер Иракты адам баласына каршы согуштагы алдыңкы фронт деп эсептешет. Ошон үчүн терроризмге каршы күрөштө Ирак эң борбордо турушу керек экенин бизда мойунга aлуубуз зарыл.

Сөзүнүн бул жеринен президент АКШнын Ирактан чыгып кетүүсүн талап кылган сынчыларга жооп берип, Ирак согушу исламисттердин Испаниядан Индонезия чейинки аймакта Ислам Халифатын орнотуу максатына жолтоо болуу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи:

- 2001-жылдын 11-сентябрына чейин биз Иракта болгон эмеспиз. Бирок «ал-Кайыда» бизге баары бир чабуул койду. Радикал исламчылардын бизге болгон жек көрүүсү Иракка чейин эле болгон, ал Ирактан кийин да кала берет. Анын себеби Ирак эмес. Орусиянын өкмөтү Ирактын азаттыгы үчүн жүргүзүлгөн согушту колдогон эмес, бирок террористтер ага карабай Бесланда 180 баланы кырып салышты,- деди Буш чогулгандарды ишендирүүгө аракеттенип.

Сөзүнүн акырында Буш АКШ жана анын шериктери «ал-Кайыда» террордук уюмунун 10 чакты кол салуусунун, анын ичинде Америкадагы объекттерге пландаштырылган үч теракттын алдын алууга жетишкенин билдирди.

«Вашингтон пост» гезитинин билдиргенине караганда, АКШнын чыгыш жана батыш жээгинде жайгашкан объекттерге террористтер авиалайнерлерди айдай качып, кол салууну пландаштырышкан. Терракттар Лос-Анжелестеги Лайбрери Тауэр деген бийик имаратына, эл аралык сууларда жүргөн кемелерге жана туристтер көп чогулган жерлерге жасалмак.

Анын аралыгында, белгисиз бирөөлөрдүн эскертүүсүнөн кийин, 7-октябрда Нью-Йорктун метросунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Нью-Йорктун полициясы жүргүнчүлөрдү этият болууга чакырып, метродогу шектүү адамдардын сумкаларын текшерип жатат.