Роберт Жозеф Бишкекте

БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс келерки жумада Кыргызстанга келет. Бул тууралуу мамлекеттик катчынын куралданууга көзөмөлдөө жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча орун басары Роберт Жозеф премьер-министр Феликс Кулов менен болгон жолугушуусунда билдирди. Жолгушууда ошондой эле эл аралык терроризмге каршы күрөшүү, массалык кыргын салуучу куралдарды таркатууга жана чыгарууга жол бербөө маселеси каралды. АКШ өкмөтүнүн мындай демилгеси тууралуу премьер-министр Феликс Кулов буларга токтолду:

- Америка өкмөтүнүн бул маселе боюнча тынчсызданып жатканын жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоого бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшайбыз.