БИШКЕК. Евразия экономикалык кызматтыштыгынын социалдык саясат маселеси боюнча комиссиясынын төрагалыгына кыргыз парламентинин депутаты Мурат Жураев шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан 7-октябрда билдиришти. 6-октябрда Бишкекте башталган Евразия экономикалык кызматташтыгынын парламенттер аралык ассамблеясынын координациялык кеңешинин жыйынында Кыргызстандагы билим берүү проблемалары талкууланып, көйгөйлөрдү чечүү маселеси каралды.