Кылмышкерлерди издөө башкармалыгынан мыкты адистер кетип жатат

БИШКЕК. Мындай пикирин аталган башкармалыктын жетекчиси Бактыбек Жусубалиев 5-октябрь Кылмышкерлердин издөө башкармалыгынын күнүнө арналган салтанатта белгиледи. Анын пикиринде, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытындагы мыйзамдардагы кемчиликтерди оңдоп, анын ишмердигин баалоодогу пайыздарды кубалаган нормаларды алып таштоо зарыл. Кылмышкерлерди издөө башкармалыгы өткөн аптада Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогон. Анда буйуртма өлүмдөрдү иликтөө боюнча дооматтарды кабыл алышаарын, бирок айрым маселелерге көңүл буруу өтүнүчү жазылган. “Жаңы технологиялар менен камсыз болгон кылмыштык топторго каршы турууга бизде шарт жок”, деп жазылат бул кайрылууда. Алар депутаттардан материалдык техникалык базаны жакшыртууга, кызматкерлерге материалдык колдоо жагын караштырууга көмөк көрсөтүүнү суранышкан.