Хорватия дагы жакынкы жылдарда Европа Биримдигине кошулушу мүмкүн

Түркия менен кошо бүгүн Европа Биримдиги жана Хорватия ортосунда дагы расми сүйлөшүүлөр башталды, алар ийгиликтүү аяктаса, эки-үч жылдан кийин Хорватия дагы Биримдикке мүчө болуп кошулушу мүмкүн. Өлкө президенти Стипе Месичтин айтымында, бирок маселе татаал:

- Бул, албетте, жакшы жаңылык. Бирок максатка жетиш канчалык татаал экенин да биз түшүнүүгө тийишпиз. Бул биринчи гана кадам жана биз катуу иштеш керекпиз. Эң негизгиси - биз өз жарандарыбыздын турмушуна жакшы шарт түзүп берүүгө тийишпиз.

Хорватия менен сүйлөшүү - Бириккен Улуттардын мурдагы Югославия боюнча трибуналы ага оң мүнөздөмө бергенден кийин гана башталды. Трибуналдын башчысы Карла дел Понтенин айтымында, аскерий кылмышкерлерди кармап жазалоо ишинде Хорватия бардык талаптуу чараларды көрүп жатат.