Кедей өлкөлөрдүн көбү тоолуу жерлерде жайгашкан. Алардын жашоо-турмушун жакшыртыш үчүн бай мамлекеттер жалпылап жардам бериши керек. АКШнын транспорт учагынан төгүлгөн авиамайдын салакасын «Манас» абамайданына жакын жашагандар тартышууда. Кыргызстанда өкмөт курамы жаңыланды.
Көп күттүргөн жаңы өкмөт курамы парламент сыноосунан кантип өткөнүн 4-октябрдагы «Кыргыз туусу» гезити «кабатырланып кирип, кубанып чыгышты» деп сыпаттады. «Жеңгенден да жеңишти кармай билүү кыйын» деп жазат К. Канаев ушул эле гезитте. Бийликтин алмашуусу менен эле социалдык-экономикалык кырдаал өзүнөн-өзү жөндөлүп кетпейт.
«Башкалар паровоз жасап, кеме жасап, ак сарайларды куруп жатканда биз «түтүнү менен ырчы» болуп, «күндүзү кымыз, түндө кыз, күжүлдөгөн эр кыргыз» деп өзүбүздү өзүбүз мактап коюп жүргөнбүз», дейт Токтогул Жумадилов «Калктын 2% эле китеп окуса не болот?» деген макаласында.
Мурдагы өкмөттүн толгон-токой программалары бар болчу бирок алар каржылык негизи жок, саясий декларацияга ык койгон документтер эле. Жаңы өкмөт калкты жумуш менен камсыз кылгыдай, эл чарбасын сүйрөп кеткидей бир тармакка гана басым жасаса туура болмок, деп белгилейт профессор Ж. Пиримбаев «Кыргыз туусундагы» маегинде.
«Вечерний Бишкек» гезити мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилгенден кийин маалымдоо каражаттарында дагыле талаш, миш-миштер уланууда, айрымдар аны мотуевчилик менен салыштырууга үлгүрүштү, деп жазат Лариса Ли 4-октябрдагы «МСН» гезитинде. Автордун ырасташынча, «Вечерка» гезитинин үлгүсү – бул азыркы күндүн жомогу, акыйкаттык акыры жеңди».
Кыргызстандан чет жерге иш издеп кетип аткандардын саны азайгандын үстүнө көбөйүүдө. Казакстанда негизинен айыл чарбасында иштөөгө кайыл, кесиптик камылгасы чакталуу адамдар арбын. Өкүнүчтүүсү, алардын көпчүлүгү башка өлкөнүн атуулдугун алууга куштар болуп жатканы, деп белгилейт казак серепчиси Досым Сатпаев ушул эле гезитте жарыяланган телемаегинде. Өткөн жылы 447 Кыргызстандын атуулу казак жарандыгын алса, быйыл 9 ай ичинде 480 киши жарандык алган. Жыл аягына чейин бул сан дагы көбөймөкчү.
«6 айдан бери «кресло бөлүштүрүү» маселеси гана иштеп жаткандыгы болбосо, экономикалык-социалдык абалды айтууга, сөз кылууга илинчек жок», деп жазды шейшембидеги «Кыргыз руху» гезити.
Азимбек Бекназаров айтам дегенин айталбай, жасайм дегенин жасай албай тынчып калчу болду. Эски бийлик десек жаңысынын тушунда деле унчукпай калууда. «Кайсы талуу жеринен карматканын не айтпайт, Азимбек Анаркулович?», деп суроо коет Сейит Сасыбаев.
Кытайларда аңыз кеп айтылат, саздан чыккан бакалар тоого чыгышыптыр. Кыргызстандагы жаңы өкмөттүн башына келгендер да кыйла тоскоол, татаалдыктардан кийин чокуга чыга келишти, деп белгилейт Д. Орлов «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгындагы макаласында. Апталыкта профессор Абдурахим Байматовдун «Инжилдеги ислам» деген аталыштагы маеги жарыяланды.
Парламент мүчөлөрү тапанча тагынып жүрүүгө уруксат берген мыйзамды апыл-тапыл кабыл алып, эми өзүн-өзү коргоонун экинчи кадамын жасашка өттү. Парламенттен референдум тууралуу мыйзам да колдоо тапты. Тапанча менен жүргөн депутаттарды эми референдум аркылуу кызматынан кетирүү кыйын ишке айланды, деп жазат шаршембидеги «Республика» гезити. Ушул эле басылмадагы маегинде Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалык жетекчиси Тилек Асанбеков өткөн аптада америкалык эки жүк ташуучу учак 80 тонна авиакеросинди абага чачып жибергенин, мындай авиакырсыктан алдын-ала сактануу эрежесинин салакасын абамайданга жуук жашаган калк тартып жатканын билдирген.
Аба жол темасына ушул эле гезитте А. Вжезинская да кайрылып, «Кыргызстан аба жолдору» менен «Алтын Эйр» компанияларынын кошулуусуна каршы чыккандар көп экенин маалымдайт.
Улуттар уюмунун адам укугу комиссиясынын эксперти Леандро Деспулдун «Ыймансыз сот системасы турганда кризистен чыгыш кыйын», окумуштуу Асылбек Айдаралиевдин «Тоолуу өлкөлөрдүн карызын туруктуу өнүгүүгө алмаштырабыз» деген маектери шаршембидеги «МСН» гезитинде жарыяланууда.