4-октябрдагы өлкөнүн маалымат каражаттарында негизги тема президенттин кадр саясатынын күнгөй-тескейи, парламенттин сынынан өтпөй калган ыңкылапчылар, өлкөдөгү коррупция жана өкмөттүн курамы тууралуу болду.
4-октябрдагы “Агым” гезитинде публицист Алым Токтомушевдин “Жаңы бийликтен жарака кетти, чоң жарака” деген макаласы жарыяланды. Мында мурдакы бийликтен учурдагы бийликтин айырмасы деле жоктугу, ыңкылап алдында берген убадаларынан президент Курманбек Бакиевдин танып, менчик бөлүштүрүү жүрүп жатканы, парламентти таратпай, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү каалабай, революциячыл парталаштарын четке сүрүп салганы жана жаңы өкмөттүн курамы тууралуу кеп болот. “ Анализчилердин айтымында, президент Курманбек Бакиев Аскар Акаев сыяктуу эле өлкөдөгү рентабелдүү, монополисттик мааниси бар чарба тармактарын, башкача айтканда экономиканын эң майлуу жерлерин өкмөттөн бөлүп, өз карамагына алды. Ал эми өкмөттө калгандарын деле иштин ыңгайына караганда, Феликс Кулов эмес, президенттин ишенимдүү адамдары башкарат.“ деп жазат автор.
“Өкмөт түзүлүшү, курамы деле оңгулуктуу өзгөртүлгөн жок. Негизиген биринин терисин бирине кийгизүү менен чектелди. Кыскартуу болсо өкмөттүн эсебинен жүрдү. Президенттин алдында 20 бөлүм менен сектор болсо, өкмөттө 14. Бардыгы бирин-бири тотукуштай кайталайт. Айрым маалыматтар боюнча, президенттин аппаратын кармоого жылына 230 млн. сом жумшалат. Андан башка президенттин өзүнө өнүгүү бюджетинен 13 млн. сом, ички жана тышкы булактардан 69 млн. сом бөлүнөт. Учурдагы бийликтегилердин дээрлик көпчүлүгү Аскар Акаевдин “шинелинен” чыккандар. Андан да тереңдетсек, советтик партчарба, күч органдар номенкулатурасы. Жаш дегени комсомолдон келгендер. Бардыгына советтик тузүлүш күнөөлүү деп Акаев бийлигине кызмат кылгандар, азыр Акаев режими күнөөлүү деп, Курманбек Бакиев бийлигине “ак эмгек” өтөөдө. Ошентип, жаңы бийликтен жарака кетти деген пикир күч. Кетмек. Анткени мезгил өзү жаңы идеяны, демек жаңы адамдарды талап кылууда”, - дейт “Агым” гезитинин баяндамачысы Алым Токтомушев.
Ушул эле гезитте журналист Мамат Сабыров ыңкылап локомотивсиз калганын, акаевдик бийликти кулатууга, марттагы элдик ыңкылапты ишке ашырууга салым кошкон Роза Отунбаеванын эмне себептен четке сүрүлгөнүн талдоого алат. “Беттегенин бербеген өжөр кадрлардан арылган азырынча жетинчи кабаттагы айрым кишилер үчүн да ыңгайлуу. Азырынча дегеним, жеке таарыныч, пенделик тар кызыкчылыктары үчүн командалаштарын садага чаап, бийлик алыскы перспективада өзүнө-өзү ор казып жатат. Бүгүн Отунбаеваны, Проненкону жыгып тынышкан “үчүнчү күчтөр” улам алсыратып отуруп, бир күнү президенттин өзүнө тиш салышы мүмкүн” деп жазат автор.
4-октябрдагы “Агым” гезити экс-прокурор Азимбек Бекназаров менен окурмандардын түз байланыштагы суроо-жоопторунун экинчи бөлүгүнө орун берди. Редакциядагы түз байланышты уюштуруп, суроо-жоопторду жазып алган кабарчы Асран Айдаралиев мындай дейт:
- Азимбек Бекназаровдун жактоочулары 28- сентябрда Акүй алдында митинг өткөрүп, элге Азимбек мырза отчет берээри маалымдалган. Бирок үчүнчү күчтөр бул митингди пайдаланып, ар кандай окуялар болуп кетээри белгилүү болгондуктан, митинг өткөрүлбөй калган. Көпчүлүк суроолор ушул жагдайда болду. Анын мыйзамсыз кызматтан алынышына каршы болгондорго Азимбек Бекназаров жооп берди. “Бийликтин бут тосуулары, кадрдык катачылыктары, мүлктү, байлыкты бөлүштүрүү башталганы тууралуу сын пикирлерди Азимбек Бекназаров айтты. “Ал түгүл Аксы окуясына байланыштуу өз эрким менен отставкага кеткем деген Курманбек Бакиевдин сөзү жалган. Аны Коопсуздук кеңеши премьер-министрлик иштен айдаган” деди.
4-октябрдагы “Аалам” гезити өлкөнүн эсептөө палатасынын Ош, Жалалабад жана Баткен облустары боюнча инспекциясынын башкы инспектору Бердибек Апышовдун “Коррупциянын тамырын чабыш керек...” деген макаласына орун берди. Мында Ош облусундагы үрөнчүлүк чарбасындагы көз боемочулуктар, Баткен облусуна кредитке берилген БИ-58 уулуу дарысын “жеген” чиновниктер, “Оштогу авиаишканасындагы коррупция сынга алынган.
“Бүгүнкү күндө коррупциянын сазына баткан Дара айыл өкмөтүнүн мурдакы башчысы Алияр Имаров Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы, Сайдумурат Калыков орун басары болуп дайындалганын угуп, Кыргызстанды дагы коррупция басып кеттиби деген ойго аргасыздан такаласың” деп жазат макаланын автору.
Аталган гезит кабарчы Кенжебек Арыкбаевдин “Акчүч! Капка катылбаган “шибегелер” аттуу макаласына орун берди. Мында кадр маселеси тууралуу кеп болот.
4-октябрдагы “Кыргыз руху” гезитине журналист Сейит Сасыбаевдин өлкөнүн экс-башкы прокурору Азимбек Бекназаровго суроо макаласы жарык көрдү.
4-октябрдагы “Кыргыз туусу” гезити парламенттин талкуусунан өткөн өкмөт мүчөлөрүн сүрөттөрү менен чыгарды. Баяндамачы Койчуке Канаевдин “Жеңгенден жеңишти кармай билүү кыйын” деген макаласында учурдагы кырдаалга сереп салынат. Журналист Догдурбек Юсуповдун “Макмал” алтын кени, өлкөнүн коргоо министрлигиндеги, “Мээрим” фондусунун жана мурдакы өкмөт башчысы Николай Танаевдин тегерегиндеги тергөө иштерин прокуратура сотко өткөргөнүн, сот эми кандай чечим кабыл алаар экен деген маанайдагы макаласы жарыяланды. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев “Кыргыз туусуна” берген маегинде “улуттук өнүгүү жолу татаал жана узак, бирок бирден-бир туура жол” дейт.