Германия биригүү күнүн белгилеп жатат

Германия Демократиялык Жумурияты менен Германиянын Федеративдүү Жумуриятынын бир өлкөгө кошулушунун 15 жылдыгын өлкө өкмөт башчысы жок тосууда. Мындан эки жума мурда өткөн парламенттик шайлоодо консерватолордун лидери Ангела Меркелдин христиан-демократттары апта соңундагы шайлоодо дагы бир орунга ээ болушту. Ошону менен Бундестагда алардын мандаттары социал-демократтардан төрт орунга көбөйдү. Азырынча Меркел да, социал-демократ канцлер Герхард Шрөдер да өздөрүн жаңы өкмөттү жетектөөгө мандат алдым, деп айтып жатышат.