Индонезияда кечээ күнү күйүүчү майдан баасы дээрлик эки эсеге жогорулагандыктан, ар башка шаарларда элдик демонстрациялар өтүп жатат. Борбор калаа Жакартада өткөн студенттер демонстрациясын полиция кечээ күнү газ чачып таркатты. Индонезия - газ экспорттоочу мамлекеттердин ОПЕК деп аталган уюмуна кирет, бирок үстүбүздөгү жылдын март айында дагы баалар 30 пайызга жогорулаган.