ЕВРОПАРЛАМЕНТ ТҮРКИЯГА АРТЫН САЛУУДА

Европарламент кечээ кызуу талаш-тартыштардан кийин Түркия менен Евробиримдик ортосундагы Бажы союзу жөнүндөгү келишимди ратификациялоону кийинки калтырды. Жогорудагыдай чечимди 311 депутат колдоп, 285и каршы болду.
Келишим Түркия менен Евробиримдиктин ортосундагы Бажы союзун уюмга былтыр жаңыдан мүчө болгон он өлкөгө да жайылтууну карайт. Европарламенттеги консервативдик фракциялардын билдиргенине караганда, Бажы союзу жөнүндөгү келишим жактырылганга чейин, Түркия Кипр боюнча турумун өзгөртүшү керек. Анкара Евробиримдикке кирген Кипр Республикасын таануудан баш тартууда. Уюмдун кеңейүү маселеси тейлеген комиссары Олли Рен мындай дейт:

- Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн баарын тануу уюмга кошулуу жараянынын негизги бөлүгү. Ушундан улам Евробиримдик Түркиянын уюмдун баардык мүчөлөрү менен мамилеси мүмкүн болушунча тезирээк оңолуусунун маанилүүлүгүн белгилейт.

Бирок Европарламенттин кечээги чечими Түркиянын бул уюмга кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдүн расмий башталышына таасир тийгизбейт. Башкача айтканда Европарламент, эгер уюмга мүчө өлкөлөр Түркия менен сүйлөшүү баштоону чечсе, аны токтото албайт. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Түркия менен сүйлөшүнүн башталышын 3-октябрда жарыялары күтүлүүдө.

Анткен менен Европарламенттин кечээги чечими уюмдун мүчөлөрүнүн ичинен Түркия менен сүйлөшүү жүргүзүүнүн негизги эрежелерин караган макулдашуунун текстине каршы болуп жаткандардын турумун бекемдеши мүмкүн. Бул макулдашуу да 3-октябрда жактырылышы абзел.

Ал эми Европарламенттиги талкуу болсо депутаттар эки топко бөлүнүп калганын көргөздү. Алардын бир бөлүгү Түркия Кипрди сүйлөшүү башталганга чейин танышы керек деп эсептейт. Экинчи бөлүгү Түркиянын Кипрди таанусу зарыл, бирок ал муну уюмга мүчөлүк боюнча сүйлөшүү жараяны жүрүп жаткан мезгил аралыгында жасай алат деген пикирде. Сүйлөшүү жараяны эң узак дегенде он жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн.

Европарламенттин айрым депуттары ошондой эле Түркияга уюмга Хорватиядан эрте кирүү мүмкүнчүлгү берилип жатканына нааразылык билдирди. Себеби Евробиримдик Хорватия Гаага трибуналына аскерий кылмыш жасады деп айыпталган генералды өткөрүп бербегени үчүн аны менен мүчөлүк маселеси боюнча сүйлөшүү баштоонун мөөнөтүн белгилей элек.

Европарламенттин кечээги жыйынында мындан сырткары Анкараны Осмон империясы 1915-18 жылдары армяндарга каршы "геноцид" жүргүзгөнүн таанууга чакырган резолюция да кабыл алынды. Түрк премьери Режеп Эрдоган Европарламенттин чакырыгын ушул эле күнү четке какты. Ал Абу-Дабиде иш сапары менен жүргөн жеринен Евробиримдик Түркияны кабыл алыш керек, антпесе "христиан клубу" деген атка конуу коркунучу бар деген мурдагы пикирин кайра кайталады.