Ирандын парламенти эл аралык көзөмөлдү токтотуу багытында кадам таштады

Ирандык мыйзамгерлер бүгүн өкмөттөн МАГАТЭнин ядролук жайларды текшеришине мындан ары жол бербөөнү сураган мыйзамдын долбоорун кабыл алды. Мыйзам күчүнө бир нече жумада кириши мүмкүн. Ишембиде Бириккен Улуттардын ядролук көзөмөл агенттиги Тегеран ядролук куралды тарткатпоо келишимин бузуп жатат деген резолюция кабыл алган эле. Бүгүн Тегеранда жүздөгөн студенттер Кошмо Штаттарын, Британияны жана Израилди айыптап, демонстрация өткөрүштү.