АКШ Иранды өзөктүк чөйрөдөгү эл аралык келишимдерди аткарууга чакырып, болбосо анын маселеси БУУнун Коопсуздук кеңешине берилүүсүнө даяр турууну эскертти. Мындай шартта БУУ Иранга каршы санкция киргизүүсү мүмкүн. Вашингтон белгилегендей, МАГАТЭнин соңку резолюциясы - Иранга эл аралык милдеттемелерди аткаруу зарылдыгын каңкуулоо. Мурдараак Иран эгер МАГАТЭ өз резолюциясын кайра албаса, уранды байытуу боюнча иштерин толук жандандырып, өзөктүк жайларын инспекциялоого тыюу саларын эскерткен эле. Бул тууралуу Иран тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылган. МАГАТЭнин директорлор кеңеши эгер Иран өзөктүк саясатын өзгөртпөсө, анын маселесин БУУнун Коопсуздук кеңешине берүүнү караган резолюциясын өткөн ишембиде кабыл алган болчу. Ирандын тышкы иштер министрлиги ошондой эле Евробиримдиктин үч өлкөсү: Британия, Германия, Францияны анын өзөктүк прогрммасы боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга үндөдү.