Байменов 4-декабрга белгиленген шайлоого катышууну чечкен 14-кандидат болду. Саясатчы шайлоо комиссиясы анын кагаздарын кабыл алгандыгын жарыялады. «Акжол» - «Адилет Казакстан үчүн» деген шайлоо блогуна кошулбаган жападан жалгыз оппозициялык партия. Демократиячыл күчтөрдүн башын бириктирген блок президенттикке талапкер кылып Жармахан Туякбайды көрсөткөн эле.