Азимбек Бекназаровду колдогон нааразылык чара уланды

БИШКЕК. Мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаровдун отуздай жактоочусу 26-сентябрда Акүйдүн алдына нааразылык иш чарасын өткөрүштү. Алар «Эки жүздүүлөр кызматтан кетсин», «Президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков өзүнүн баласы Бакыт Сыдыков менен чогуу кызматтан кетсин», «Чындык үчүн чыркырап, коррупция менен күрөшкөн Азимбек Бекназаров Кыргызстанга керек» деген сыяктуу плакаттарды кармап турушту. Нааразылык акциясынын катышуучулары мамлекет башчысынан Азимбек Бекназаровду кайра баш прокурорлук кызматка дайындоону талап кылышып, өз талаптары аткарылгычакты нааразылык акциясын уланата беришээрин эскертишти. Азимбек Бекназаров ишинде кетирген кемчилиги үчүн деген айып менен өткөн аптада мамлекет башчынын жардыгы менен кызматтан алынган.