Ооган талиптери өткөн түнү Хост провинциясындагы Али-Шер вилеятиндеги түрмөнү басып алууга аракет кылды. Чабуулда түрмөнүн бир күзөтчүсү жана бир талип согушчаны курман болгону кабарланды. Ооганстандын түштүк чыгышындагы Хост провинциясы Пакистан менен чектешет.