БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Марат Кайыпов юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Марат Кайыпов буга чейин Конституциялык соттун судьясы болуп иштеп келген. Юстиция министринин милдетин буга чейин министрликтин статс-катчысы Эркинбек Мамыров аткарып келген эле.