ОПЕК уюуму мунай өндүрүүнү көбөйтүү маселесин карай баштады

Вена шаарында бүгүн мунай экспорттогон 11 мамлекетти бириктирген уюм - ОПЕКтин эки күндүк жыйыны башталды жана анда - мунай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү маселеси каралат, анткени акыркы мезгилде күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлүп кетти.