Жогорку соттун алдында нааразылык чарасы уланууда

БИШКЕК. Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон айрым округдардын шайлоочулары Жогорку соттун алдында нааразылык акциясын 18-сентябрда да улантышты. Алар №59 Чүй, №21 Токтогул шайлоо округдарынын экс-талапкерлери Туратбек Андашев менен Токтосун Мадияровдун шайлоочулары, ошондой эле №27 Базаркоргон-Сузак округунан шайланган Абдумуталип Хакимовго каршы чыккан шайлоочулар. Алардын башкы талабы – аталган округдар боюнча адилдет сот чечимин чыгаруу жана Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун отставкасы. 12-сентябрдан тарта ачкачылык жарыялаган 6 шайлоочунун ичинен экөө саламаттыгы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу ооруканага жаткырылды. Нааразылык чаранын катышуучулары талаптары аткарылмайынча акцияны токтоппой тургандыктары жөнүндө айтышууда. Ал эми Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов пикетчилердин талаптары негизсиз деген пикирде.