БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 19-сентябрда Кыргызстандын аймагы боюнча күн бүркөлүп ачылып турат. Айрым облустарда жамгыр жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +11...+16, күндүз +22...+27 градус. Талас облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26 градус жылуу. Жалалабат, Ош, Баткен дубандарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31 градус. Ысыккөл жана Нарын аймактарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24 градус жылуу.
Борборубуз Бишкекте ала булут каптап турат. Өткүн өтөт. Абанын температурасы: түнкүсүн +13...+15, ал эми күндүз +24...+26 градус жылуу болушу күтүлөт.
Жекшембилик кабарларды Азиза Турдуева жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор – Шайырбек Эркин уулу